Легендарлуу модельер Пьер Карден каза болду

30 декабрь 2020 09:35 1226 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Легендарлуу француз модельер Пьер Карден 98 жашында бул дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу “Агентство Франс Пресс” агенттигинин твиттер баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кардендин үй-бүлөсү, ал эртең менен Париждин чет жакасында жайгашкан “Американ де Париж” ооруканасында көз жумганын басылмага билдирди.

«Бүгүн биздин үй-бүлөбүз үчүн чоң кайгы күнү, Пьер Карден жок. Улуу кутюрье бир кылымга жакын жашап, Францияга жана бүткүл дүйнөгө уникалдуу көркөм мурас калтырды», - деп түшүндүрүштү туугандары.

Пьер Карден - мода дизайнери, Pierre Cardin аталышындагы атырлар брендинин жаратуучусу жана Париждеги эң белгилүү Maxim’s ресторанынын ээси. Италиянын Сан-Биагио-ди-Каллалта коммунасында туулган. 1947-жылдан баштап Christian Dior ательесинде иштеп, 1950-жылы өзүнүн мода үйүн негиздеген.

Ссылка: https://barometr.kg/franciyalyk-modeler-karden-kaza-boldu



Добавить комментарий