Францияда кайрадан эмдөөгө каршы нааразылык акциялары өттү

3 август 2021 12:14 655 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Франциянын көчөлөрүнө кайрадан миңдеген адамдар чыгып ден соолук тууралуу маалым катка жана дарыгерлерди милдеттүү түрдө эмдөөгө нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу NBC News булагына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Өлкөдө бир катар коомдук жайларга кириш үчүн жана социалдык иш-чараларга катышыш үчүн коронавируска каршы эмделгени жана тесттин терс жыйынтыгы тууралуу маалым кат (справка) талап кылынууда.

Бирок француздар буга нааразы болуп, үчүнчү жолу акцияга чыгышты. Парижден тышкары митингге Марсел, Лион, Монпелье, Нанта жана Тулузадан жарандар келишкен.

Нааразы болгондор “адам укуктары бузулууда” деп билдиргенине карабай парламенттин эки палатасы тең жаңы эрежелерди бекитти.


 

 

Ссылка: https://barometr.kg/franciyada-kajradan-emdg-karshy-naarazylyk-akciyalary-tt



Добавить комментарий