Францияда эмдөө борборлорун талкалап жатышат
Францияда эки эмдөө борбору талкаланды. Өлкөнү коронавирус менен күрөшүү боюнча өкмөттүн жаңы киргизген катуураак эрежесине нааразы болгондордун толкуну каптады. Бул тууралуу Elan News каналына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Француз бийлиги Франциянын түштүк-чыгышындагы вакцинация борборлору вандализмга туш болгонун маалымдады.
Өткөн жекшемби күндөрүндө дагы бир клиниканы өрттөп жиберишти. Ишемби күнү ири шаарларда 100 миңден ашык адам көчөгө чыгып президент Эммануэл Макрондун өкмөтүн адамдын негизги укутары менен эркиндиктерин буздуңар деп күнөөлөштү.
Чатак медицина кызматкерлерин милдеттүү эмдөөдөн өткөрүү жана коомдук жайларга медициналык карта менен гана кирүү тууралуу өкмөттүн буйругунан улам келип чыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/franciyada-emd-borborlorun-talkalap-zhatyshat
Добавить комментарий ×