Эртең Элмирбек Иманалиевдин ашы өтөт
Эртең, 22-апрелде залкар акын Элмирбек Иманалиевдин ашы болот. Бул тууралуу “Барометрге” акындын шакирти Асылбек Маратов кабарлады.
Маалым болгондой, маркум акыныбыздын арабыздан көзү өтүп кеткенине бир жыл болду. Эртең, 22-апрелде анын ашы өтөрү кабарланды.
"Эртең, 22-апрель күнү кечинде шаарыбыздагы ресторандардын биринде 19:00до залкар акыныбыз Элмирбек Иманалиевдин ашы өтөт. Орозо учуруна туш келип калгандыктан, ооз ачуу мезгилине туураладык. Акынды эскерип, куран окутууга 350 киши чакырдык. Баарын батыра албайт экенбиз", - деди Маратов.
Ошону менен катары эле, Асылбек Маратовдун айтымында акындын эстелиги күз айларында коюулат экен.
Эскерте кетсек, залкар акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелде кант диабети оорусунан улам ооруканадан 42-жаш курагында каза болгон.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып, калың журтка таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/erte-elmirbek-imanalievdin-ashy-tt
Добавить комментарий ×