Эртең Элмирбек Иманалиевдин ашы өтөт

21 апреля 2021 09:08 6007 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Эртең, 22-апрелде залкар акын Элмирбек Иманалиевдин ашы болот. Бул тууралуу “Барометрге” акындын шакирти Асылбек Маратов кабарлады.

Маалым болгондой, маркум акыныбыздын арабыздан көзү өтүп кеткенине бир жыл болду. Эртең, 22-апрелде анын ашы өтөрү кабарланды.

"Эртең, 22-апрель күнү кечинде шаарыбыздагы ресторандардын биринде 19:00до залкар акыныбыз Элмирбек Иманалиевдин ашы өтөт. Орозо учуруна туш келип калгандыктан, ооз ачуу мезгилине туураладык. Акынды эскерип, куран окутууга 350 киши чакырдык. Баарын батыра албайт экенбиз", - деди Маратов. 

Ошону менен катары эле, Асылбек Маратовдун айтымында акындын эстелиги күз айларында коюулат экен.  

Эскерте кетсек, залкар акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелде кант диабети оорусунан улам ооруканадан 42-жаш курагында каза болгон.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып, калың журтка таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/erte-elmirbek-imanalievdin-ashy-tt



Добавить комментарий

  • Элмирбек Сенин жаткан жерин жайлуу топурагын топко болсун Кетментободон чыкккан залкарлардын Бир элен аттин омурун аз жашасан да саз жашадын Эми бизден сердец токмо качан чыгат аны Бир Аллахым билет Кыздарына Балдарына ыйман берсин Сенин артындагы туяктарын Элин атынды очурбойбуз биздин журогубуздо улуу адамдык касиетин бар алп акын катары сакталасын