Эмне үчүн жигиттер башка улуттар менен сүйлөшкөн кыздарды “кызгана” берет?
“Мен чет элдик жигитим менен жолугушуп, сүйлөшүп жүргөн учурда жигиттер менен көп чатактарга кабылдым. Эмне үчүн биздин балдар чет элдикке турмушка чыккан кыздарды жаман көрүшөт жана алардын ачык эле кызганышат?”,-деп кайрылды Элзат.
Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз.Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!
Бүгүн Элзат аттуу каарманыбыздын соболуна жооп издеп көрөлү!
“Мен Бишкектеги жогорку окуу жайында акыркы курса окуп жатам. Сүйлөшкөн жигитим чет өлкөлүк, ал дагы аталган окуу жайда окуйт. Быйыл үйлөнүүгө даярдык көрүп жатабыз. Ата-энем менен тааныштыргам. Анын ата-энеси дагы мени менен онлайн байланышка чыгышкан. Былтыр жайында келип кет деп чакырышкан бирок карантинден улам бара албай калдым.
Мени бир суроо кызыктырат? Мен чет элдик жигитим менен жолугушуп, сүйлөшүп жүргөн учурда жигиттер менен көп чатактарга кабылдым. Ал тургай бир ирет кафеден чыккандан соң жигитимди эки-үч бала төпөштөп, телефонун тартып алып, “биздин кыздарга жолобой жүр” коркутушту. Мен албетте милицияга арыз берейин десем жигитим болгон жок. “Чет өлкөдө жүрүп мындай жоругумду укса ата-энем жаман көрөт, маселе чыкпасын”,- деп койду. Кайсы жакка экөөбүз ээрчишип барсак деле кыйгачтап жаман караган көздөрдү жана бизди эле карап, сөөмөй кезеп сүйлөп, жаман көргөн жигиттерди эле кездештирип келе жатам.
Эмне үчүн биздин балдар чет элдикке турмушка чыккан кыздарды жаман көрүшөт жана алардын ачык эле кызганышат?”,-деп кайрылды Элзат.
Сиз бул тууралуу кандай ойдосуз окурман? Жооп күтөбүз?
Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-zhigitter-bashka-uluttar-menen-sjlshkn-kyzdardy-kyzgana-beret
Добавить комментарий ×