Сиңдим оор кылмыш жасап абакта отуруп келген адамга турмушка чыгып алып, жапа чегүүдө. Эмне кылсак болот?

30 июля 2021 16:43 10421 Barometr
Поделиться в:
ok

“Бактылуу болсун деп кое турган эле жердебиз. Бирок күйөө балабыз өтө оор кылмыш менен түрмөдө отуруп чыккан жигит экен”, - дейт Жамийла.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз.Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул ирет Жамийла (аты өзгөртүлдү) каарманыбыз кайрылып, жан дүйнөсүн түйшөлткөн суроосу менен бөлүштү.

“Менин кайрылуум жакындарыма байланыштуу болмокчу. Алты бир тууганбыз, буга чейин ынтымакты бекем кармап, баарыбыз бири-бирибизди сыйлаганга аракет кылып эле жүргөнбүз. Менин жакшы көргөн сиңдим бар болчу. Бар болчу деген себеби азыр жакшы көрбөй калдым. Кепти ошондон баштайын. Сиңдим төрт баласы менен ажырашып кетип, жалгыз жашап  жаткан, шаарда үйү бар болчу, чоң уулу жогору окуу жайды жаңы бүттү. Эки жыл мурда биздин Аалиевдердин үй-бүлөсүндө чоң чатак чыкты. Туугандардын баары бир сыйра катуу ачууландык. Сиңдим дагы бир ирет турмушка чыкты. 

Анын эмнеси жаман дээрсиз? Жаман жагы деле жок. Бактылуу болсун деп кое турган эле жердебиз. Бирок күйөө балабыз өтө оор кылмыш (өзүңүз түшүнөсүз да) менен түрмөдө отуруп чыккан жигит экен.Аны кайдан таап алыптыр дебейсизби? Сиңдим бир ирет зеригип отуруп, гезитти карап телефон чалат. Болочок күйөөсү абак жайда жаткан экен. Таанышып сүйлөшүп анан сиңдим аны катуу сүйүп калган имиш.Ошентип абак жайдан жолугушуп жүрөт. Былтыр ал жигит мунапыс алганбы же убактысы бүткөнбү белгисиз, айтор келип менин сиңдим менен үйлөнүп жашап жатат. Туугандардын баары катышпай калдык.Кыздардын уулусу катары акыл айтайын, “кой бул ишиңди токтот” деп барсам сиңдим асман айдан кетип мени менен урушуп, “үйүмө жолобо, мага балдарымдын кереги жок, ушул жолдошум керек, бузба, жамандаба” деп мени кууп чыкты. Ошондон бери таарынып барбай жүрөм. Бирок убакыт өтө келе сиңдилерим жаңы күйөө бала ар түрдүү досторун алып келип, үйдү өзүнө каттатып, сиңдимди сабап, көзүн көгала кылып, ичимдик ичип жатыптыр, тапкан акчасын коротуп жатыптыр деп айтып келип жатышат. Ортодо балдарына эле убал болду. Аны кантип мындай адамдан кол үздүрсөк болот? Кимге кайрылсак болот?, - деп жазды Жамийла.

Бул тууралуу пикир кошуңуз урматтуу окурман!

Ссылка: https://barometr.kg/sidim-oor-kylmysh-zhasap-abakta-oturup-kelgen-adamga-turmushka-chygyp-alyp-zhapa-chegd-emne-kylsak-bolot



Добавить комментарий