Эмне үчүн эркектер сүйлөшкөн кызына такыр телефон чалбай же жазбай калат?

1 сентябрь 2021 14:45 3660 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сүйлөшкөн жигит такыр байланышка чыкпай калганда көп кыздар тынчсыздана баштайт. Адатта мындай учурлар жаңыдан мамиле кура баштаган кыз-жигиттерде көп кездешет. Бул үчүн өзүн абдан эле күнөөлүү сезип алган кыздар дагы бар. Бүгүн жигиттердин кескин түрдө байланышка чыкпай калышынын себептерин barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен түшүндүрмөкчү.

Биринчи себеп

Ал издеп жүргөн кыз сиз эмес экенин түшүнөт. Бул аялзатынын кемчилиги бар эмес дегенди түшүндүрбөйт, бул болгону сиз ага ылайык эмес же өзү сизге ылайык эмесмин деген чечимди эркек кабыл алды дегенди түшүндүрөт.Кандай болгон күндө дагы бул учурда жагдайга капа болуунун кереги жок. Бул учурда көп убакытты үнөмдөп калганыңызды жана алдыда чыныгы сизге жаккан адамга кабылышыңыз мүмкүн экенин гана ойлоңуз.

Экинчи себеп

Жөн гана башка кыз менен сүйлөшүп башташы мүмкүн.Бул жерде дагы тынчсыздануунун кажети жок. “Мынча убакыт бошобой калдым” дегени жөн гана кеп. Эгер ушунчалык эле зарыл жумушу чыгып калбаса сөзсүз сизге байланышууга убакыт тапмак. Ошондуктан бул учурда дагы алдыга карай кеткениңиз жөндүү болмокчу.

Үчүнчү себеп

Эркектин кайсы бир принциптери бузулушу мүмкүн. Тактап айтканда ал азыр үйлөнүүнү пландабай эле жүрсө сиз тезирээк турмуш курууга шаштырсаңыз же анын бир кыял максаттары менен сиздиги дал келбесе эркектер дароо мамилени токтотуп салышы толук мүмкүн.

Төртүнчү себеп

Чыны менен эле байланышууга мүмкүн болбой калышы ыктымал. Мисалы, телефонун уурдатып жиберип же жакындарында чоң маселе чыгып дегендей. Бирок мындай учурда бир аздан кийин ал сөзсүз байланышка чыгып дайын-дарегин кабар берип, жагдайды түшүндүрөт.

Кандай болгон күндө дагы баардык эле сүйлөшкөн кыз-жигиттин мамилесинин соңу үйлөнүү тойго жеткирбесин кыздарга эскертмекчибиз. Кетип калса ак жол каалап коюңуз, андан жакшысы сизге кабылат. Нике кайып болсо ал жигит баары бир сиздики болмокчу.

Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-erkekter-sjlshkn-kyzyna-takyr-telefon-chalbaj-zhe-zhazbaj-kalat



Добавить комментарий