Сиздин жашооңузду биротоло өзгөртө турган 3 ыкма

28 августа 2021 13:23 3826 Barometr
Поделиться в:
ok

Жашоосунда туңгуюкка кептелип калганча эч бир шашпай же ойлонбой жүргөн адамдарды кездештирдиңиз беле? Баарын “эртең жасап коем” деп жүрө берүүнүн арты бир өмүрдү бекер жашап өтүүгө алып келет.Көп адамдар күнүмдүк өмүрүндө ашыкча уктап алууну,  ашыкча тамак жеп алууну же сериал көрүүнү артык көрүшөт.Мындай адаттардан кантин кутулуп чыгып, ийгиликке кадам таштоого болот? Бүгүн barometr.kg сизге психологдун кеңешине таянуу менен аракеттенүүгө түртө турган 3 ыкманы сунуштайт.

1.Каалаган нерсенин тартыштыгын пайда кылыңыз! 

Адамдар ага өзүнүн негизги керектөөсүн камсыз кыла турган кайсы бир ресурс жетишпей калмайын аны эс качан издешпейт. Мисалы, сиз бир бөлмө батирдин акчасын төлөй турганга жете турган, тамак-ашыңызга кенен жете турган айлык аласыз дейли.Сизде бир күнү тартыштык болмоюн дал ушундай абалда айлар, жылдар жүрө бересиз.

Качан ресурстарда тартыштык болмоюн: маселен айлык убагында берилбей, ижара акысын көбөйтүп, азык-түлүк баасы кымбаттамайын адамдагы аңчылык инстинкти ойгонбойт.Тартыштык жаралганда гана адамдар моралдык, физикалык жана каржылык жактан ресурстарды издей баштайт.

Мунун мааниси жалкоолуктан кутулуп аракетке барыш үчүн кайсы бир багыттар боюнча өзүңүзгө жасалма дефицит жаратыңыз. Ошондо гана чыныгы ресурстар кайда жатканы тууралуу жолдорду көрө баштайсыз.

 2. Убактыңызды туура пайдаланыңыз!  

Сиз башкалар башыңызга салып койгон алкактардын чыкмайын жашооңуз ушул багытта эле кете берет.

Мисалы кирешеси аз жумуш, “элдин баары эле ушинтип кыйналып эптеп-септеп жашап жатат” деген тааныштар, эски унааны кайра-кайра оңдоп алып айдоо мунун баары убакыт менен күчүңүздү билинбей ала берген нерселер экенин эске алыңыз.

3. Байлыкка карата сизде эмне жетишпей жатканын тактаңыз!  

Канчалык кыйын болсо да өзүңүздү өзгөртүп бактылуу, ийгиликтүү болууга аракет кылыңыз. Издениңиз, билим алыңыз, өзгөрүңүз.Өзүңүзгө жаңы чектерди белгилеп ага жетүүгө аракет кылыңыз. Болбосо аракетсиздик сизди өзүнүн сормо сазына соруп кете берет.

Ссылка: https://barometr.kg/sizdin-zhashoouzdu-birotolo-zgrt-turgan-3-ykma



Добавить комментарий