Эл аралык күрөш федерациясы Айсулуу Тыныбекованы тарыхты жаратуучу деп атады

5 август 2021 10:20 1337 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык грек-рим, эркин күрөш жана аялдар күрөшү боюнча федереция - Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) Айсулуу Тыныбекованы тарыхты жаратуучу деп атады. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий Instagram баракчасына жарыяланганын “Барометр” маалымдайт.

UWW спортчу кыз Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан алгачкы аял экенин баса белгиледи.

Кыргызстандык балбан кыз кечээ, 4-августта болгон финалдык беттеште япон спортчусу Юкако Каваидан бир аз гана упай жетпей калып утулган, бирок аны өлкөдө чыныгы элдин сыймыгы катары аташууда. Ал аялдар күрөшү боюнча жогору жыйынтык көрсөткөн биринчи спортчу айым.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын гана ээси эмес, Азиянын төрт жолку чемпиону, Кыргызстандын жалгыз дүйнө чечпиону болуп саналат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-krsh-federaciyasy-ajsuluu-tynybekovany-taryhty-zharatuuchu-dep-atady



Добавить комментарий