Айсулуу Тыныбекова саат канчада, ким менен күрөшөт?

4 августа 2021 09:49 2719 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-августта Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында алтын медаль үчүн күрөшөт. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Ал 3-августта 62 кг салмакка чейинки категорияда турнирге катышты. Баардыгы болуп баштапкы этапта 16 спортчу ат салышты.

1/8 финалда Тыныбекова Латвиядан келген Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда Румыниянын балбаны Крист Тунде Инчени жеңип алды.

Финалга чыгарда кыргызстандык кыз Украинанын балбаны Ирина Коляденкону 10 упай менен жеңип алып, жолдомо алды.

Финалда Тыныбекова япониялык Юкако Каваи менен күрөшөт. Каваи 1997-жылы туулган, 2018-жылы дүйнө чемпионатында күмүш медалды жеңип алган. 2020-жылы Азия чемпиону болгон.

Тыныбекова менен Юкако Каваи 2019-жылы Нур-Султан шаарында 1/8 финалда беттешип, кыргызстандык балбан кыз аны жеңип алган.

2020-жылы Тыныбекова дүйнө чемпионатында Каваиден 6:1 эсебинде жеңилген.

Финалдык кармаштар бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 17:55те болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-saat-kanchada-kim-menen-krsht



Добавить комментарий