Египетте орусиялык туристти жеп кеткен акула кармалды

9 июнь 2023 15:50 1239 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Египеттин Хургада шаарында Орусиялык туристти жеп салган акула кармалды. Бул тууралуу Shehab News маалымат агенттигине таянуу менен “Барометр” билдирет.

Акуланын кармалышынын чоо-жайы тууралуу кененирээк айтылган эмес. 

Shehab News басылмасы акуланы жергиликтүү балыкчылар менен бирге куткаруучулар кармаганын жазды. 
 
Египеттин айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги кишиге кол салган акула жолборс акуласы экенин билдирди.   

Эске сала кетсек, буга чейин, 8-июнда Египеттин Хургада шаарындагы мейманкалардын пляжынан акула кишиге кол   салганын жазганбыз. Орусиянын Хургададагы башкы консулдугу ал Россия Федерациясынын жараны экенин билдирген. Орусиянын консулунун айтымында, каза болгон адам 1999-жылы туулган В.Ю.Попов. Акула кол салган учурда каза болгон жарандын жанында сүйлөшкөн кызы болгон. Кыз качып кетүүгө үлгүргөн. Ошондой эле, жээкте каза болгон баланын атасы да болгон. Акула кол салганда ал “папа” деп кыйкырып жардам сураган.    

 
 
 


Ссылка: https://barometr.kg/egipette-orusiyalyk-turistti-zhep-ketken-akula-karmaldy



Добавить комментарий