“Эделвейс" тоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, 32 жаштагы турист изделүүдө

20 июль 2023 11:34 596 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Эделвейс" тоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп 32 жаштагы чет өлкөлүк жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, куткаруучулар туристти эки күндөн бери издөөдө.

Куткаруучулар бүгүн, 20-июль күнү саат 07:25те "Семенов Тянь-Шаньский" чокусун көздөй жол тартышты.

“Анткени  алдын ала маалымат боюнча, 14-июлда 32 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран Ала-Арча капчыгайындагы "Семенов Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып, байланыш жок болуп жаткандыгын  туугандары билдиришкен.

Кечээ издөө иштерине КР ӨКМдин "Эделвейс" тоодо куткаруу кошуунунан 6 куткаруучу жөнөтүлгөн.

Алар кечки саат 21:20да Ала-Арча капчыгайындагы "Хижина Рацека" альплагерине жетишип, түнөккө калышкан. Куткаруучулардын  издөө жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/edelvejs-toosuna-chygyp-ketken-bojdon-dajynsyz-bolup-32-zhashtagy-turist-izdeld



Добавить комментарий