Египетте суу жээгинен Орусиянын жаранын акула жеп кетти
Египеттин Хургада шаарында Dream Beach мейманканасынын жээгинен акула Орусиянын жаранын жеп кетти.
Бул тууралуу ТАСС агенттигине Орусиянын Хургададагы башкы консулу Виктор Воропаев билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, окуя 8-июнда болгон. Каза болгон жаран 1999-жылы туулган орусиялык Попов В.Ю. болгон.
«Биз Россиянын жарандарынан сууда сергек болууну, Египет бийлиги тарабынан белгиленген сууда сүзүүгө жана сууга түшүүгө тыюу салган талаптарды так аткарууну суранабыз», - деп айтылат Россиянын Башкы консулдугунун Telegram каналында.
Туристтердин айтымында, алар адамды сактап калууга аракет кылышкан, бирок акула аны суунун астына сүйрөй баштаган.
Shot Telegram каналы орусиялык туристтерге шилтеме жасап, алар кишини сактап калууга аракет кылышканын, бирок аягында акула аны жеп кеткенин кабарлады.
Baza Telegram каналынын маалыматы боюнча, маркум Египетте көптөн бери жашаган орусиялык. Аны менен жээкте кыз да бар болгон. Ал качып кететкенге үлгүргөн. Кол салуудан кийин жергиликтүү бийлик шаардагы пляждарды жапкан. Ошондой эле жергиликтүү тургундарды жана туристтерди сууга түшпөөгө чакырышат.
Ссылка: https://barometr.kg/egipetten-suu-zheeginen-orusiyanyn-zharanyn-akula-zhep-ketti
Добавить комментарий ×