Диетолог тооктун шорпосу ашказандын рагын пайда кыларын айтты

28 апрель 2022 15:10 2203 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк дарыгерлер адамга пайдалуу жана жеңил тамактар деп шорполорду атап келишет. Бирок диетолог Игорь Матюшкин андай теориянын теңирден тескери жагы тууралуу маалымат берди.Бул тууралуу kubnews.ru булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Заманбап диетологдор шорполордун организмге анча деле пайдасы жок деп эсептешет. Матюшкин баардык адамдарга шорпо зыяндуу, ал гана турсун ооруну пайда кылат дейт. Мисалы, уйдун этинин шорпосун жүрөк-кан тамыр оорулары, тамак сиңирүү органдарында оорулары барларга ичкенге болбойт дейт ал.

Мындан тышкары эксперт жаңы союлган уйдун этин сөөгү менен кайнаткан шорпо уйку бездин жана кан тамырлардын ишин бузат деп эсептейт. Ал гана эмес эң пайдалуу деген тооктун шорпосун териси менен кошо кайнатканда онкологиялык ооруларды, анын ичинде ашказан рагын пайда кылат деп эскертти.

“Аны диеатикалык азык дегендери болбогон сөз жана жалган”,-деп айтты доктор.

Ссылка: https://barometr.kg/dietolog-tooktun-shorposu-ashkazandyn-ragyn-pajda-kylaryn-ajtty



Добавить комментарий