Депутат Мелис Турганбаевди сыйлыкка сунуштады
Бүгүн 17-октябрда депутат Алмаз Акматов Мелис Турганбаевди эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль уткандыгы үчүн сыйлыкка көргөзүүнү сунуштады. Мындай сунушту депутан Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Ошондой эле, эл ѳкүлү Мелис Турганбаев алтын медалды багындырса, депутат Тазабек Икрамов күмүш медалды багындырганын баса белгиледи.
"Мындай жеңиштери менен ѳлкѳнүн туусун кѳтѳрүп, жаштарга үлгү болуунун жолун кѳрсѳттүштү. Ошондуктан Жогорку Кеңештин атынан сыйлап, бул нерсеге ѳкмѳт да кѳңүл буруп, сыйлыкты кароосун сунуштайм», - деп кошумчалады.
Андан тышкары депутат Жогорку Кеңештин атынан атайын саат менен, Кыргызстандагы эркин күрѳш федерациясынын вице-президенти Нурлан Исмаиловду сыйлоону сунуштады.
«Бул жигит Эл аралык федерация менен Кыргызстандын ортосундагы кѳпүрѳ. Ал баардык сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзѳт, ийгиликтердин кѳбү анын эмгегине негизделген», - деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-melis-turganbaevdi-syjlykka-sunushtady
Добавить комментарий ×