Германияда кыргыз кызы депутаттыка ат салышат

20 апрель 2023 11:08 1050 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Германияда кыргыз кызы депутаттыка ат салышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Текебаев кыргыз кызы Берметке ийгилик каалап бата бергенин билдирди. 

“Бермет Абдрахманова Бавариянын Мурнау шаарында «Элдик Университеттин» интеграция жана тил бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Мигранттардын адаптация болуп, жергиликтүү немистер менен камыр-жумур болуп жашап, иштеп кетишине жардам берет. Ал шаарда белгилүү, авторитеттүү коомдук активист.

Бермет Мурнау шаарынын парламентинин депутаттыгына ат салышмакчы. Мен ийгилик каалап бата бердим.

Берметтин депутаттык шайлоого катышышы өзү үчүн гана эмес, Германиядагы кыргыздар үчүн утса да, утулса да абдан маанилүү.

Бөтөн эл, чет жерде кыргыздын кызы чүнчүбөй, жалтанбай жергиликтүү немистер менен тен ата болуп, тизгин талашып жатканы Германиядагы кыргыз диаспорасы өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына өткөнүнөн кабар берет.

Алар өз күчүн сезип, өз кызыкчылыктарын коргой ала турган денгээлге жетишти”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/germaniyada-kyrgyz-kyzy-deputattyka-salyshat



Добавить комментарий