Видео. Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. Ал мелдештин “Е” категориясында 55-59 жаш курактагылар арасындагы 78 кило салмакта күрөштү.
Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайты кабарлагандай, кыргызстандык ардагер-балбан Иран, Украина жана Казакстандан келген балбандарды утуп финалга чыккан.
Чечүүчү алтын байге үчүн күрөштө Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) балбаны Жордж Брэдлини 4:0 эсебинде утуп чемпион болду.
Турганбаев буга чейин ардагерлер күрөшүндө 2018-жылы жана 2016-жылы өткөн мелдештерде коло байгеге жеткен болчу.
Эске сала кетсек, спорттук күрөштүн грек-рим жана эркин түрлөрү боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жатат
Буга чейин грек-рим күрөшүнөн 70 кило салмакта Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коло байге уткан.
Ссылка: https://barometr.kg/melis-turganbaev-djn-chempionu-djn-chempionu
Добавить комментарий ×