Депутат Тазабек Икрамов дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту

8 октября 2019 21:46 4080 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов күрөш боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионатында коло байге утту.

Ардагерлердин дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Грузиянын баш калаасы Тбилиси шаарында өтүп жатат.

Грек-рим күрөшү боюнча 70 кило салмакта күч сынашкан Тазабек Икрамов коло байге үчүн күрөштө түрк спортчусу Орхан Тикац’ты 4:0 эсебинде жеңип алды. 

Жогорку Кеңештин балбан-депутаты мелдештин 8/1 финалында венгриялык Золтан Шоллени 9:0 эсебинде утту. Ал эми чейрек финалда Финляндия балбаны Олави Лейто’ну да 9:0 эсебинде тоголотуп салды. Жарым финалда Ирандык балбанга жеңилип калган. Тазабек Икрамов Өнүгүү-Прогресс партиясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, чурда иштеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-tazabek-ikramov-djn-chempionatynyn-kolo-bajgesin-uttu



Добавить комментарий