Дүйнө чемпиону Мелис Турганбаевди чек арадан барып тосуп келишти
Грузияда өткөн күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону болгон Мелис Турганбаев мекенине келди. Чемпионду Казакстандан Кыргызстанга өткөн чек арадан тосуп алышты.
Атайын кичи салтанат уюштурулуп, спорттун ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, күйөрмандары чогулушту. Катышуучулар Кыргызстандын туусун көтөрүп алышкан.
Анда Мелис Турганбаевге калпак кийгизип, чепкен жабышты.
Турганбаев бул мелдеш ардагерлер мелдеши деп аталганы менен, жеңиш оңойго турбаганын айтты.
Эске сала кетсек, Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн ардагерлер арасында Дүйнө чемпионатында "Е" категорияда 78 кг салмакта жеңүүчү болуп, алтын медаль тагынган.
Турганбаев өткөн жылы да аталган чемпионатка катышып, байгелүү орун алып кайткан.
Ссылка: https://barometr.kg/djn-chempionu-melis-turganbaevdi-chek-aradan-baryp-tosup-kelishti
Добавить комментарий ×