Депутат: коронавируска карабай зыяратчыларды умрага жибергени үчүн муфтият жоопкерчилик алабы?
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина коронавирус башка мамлекеттерде анын ичинде Сауд Аравиясы дагы жайылып жатканын көрүп туруп зыяратчыларды умрага жибергени үчүн муфтияттын жоопкерчилиги каралабы деп деп суроо салды.
Бүгүн, 19-мартта, парламентте өкмөт коронавирус менен күрөшүү боюнча жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул жерде муфтияттын күнөөсү жок экенин, алар умрага кишилерди жибербей турганын белгиледи.
“Умрага баруу ар бир кишинин өзүнүн иши жана өзү чечет. Бул жерде муфтияттын эч кандай тиешеси жок”, — деди ал.
Эске салсак, коронавирус Сауд Аравияга умрага барып келгендерден табылган.
Өз кезегинде депутат Өмүрбек Бакиров умрага барып келгендерди жана динди жаманатты кылууга аракеттер болуп жатканын айткан болчу.
Добавить комментарий ×