Комитет Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусун колдоду

23 сентябрь 2025 11:45 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 23-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери  боюнча комитети алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө сунушту карады. 

Аталган маселе боюнча депутат Улан Примов маалымат берди. Ал демилгечи топто 32 депутат бар экенин белгилеп, сунуш киргизүүнүн жагдайларына токтолду.   

«Эки негизги саясий окуя – президенттик жана парламенттик шайлоонун аралыгы жакын болуп калат. Андыктан саясий туруктуулукту бекемдөө жана мамлекетте бийлик бутактарынын толук кандуу иштеп туруусун камсыз кылуу  максатында,  демилгечи топ 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары өзүн-өзү таркатуусу боюнча сунушту киргиздик”, -деди Улан Примов. 

 Жыйынтыгында комитет сунушту Жогорку Кеңештин кароосуна, анын ичинде аны парламенттик жыйында кароонун күнүн аныктоо үчүн Координациялык кеңештин кароосуна киргизди.

Ссылка: https://barometr.kg/komitet-zhogorku-keeshtin-zn-z-tarkatuusun-koldodu



Добавить комментарий