Депутат умрадан келгендерди кысмакка алып, мазактагандарды токтотууга чакырды

19 марта 2020 11:44 2271 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров учурда социалдык тармакта умрадан келгендерди кемсинтип, динге көө жапкысы келгендер болуп жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Эске салсак, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Сауд Аравияга умрага барып келген үч кишиден коронавирус аныкталганын айткан болчу.

“Ушул ооруну шылтоо кылып биздин айрым жарандар умрага барып келгендерге, биздин динибизге көө жапкысы келгендер бар. Мен ошолорго айтар элем, бул оорунун кулагы менен көзү жок экен, ал чек ара дегенди тааныбайт экен. Дүйнө жүзүнүн бардыгына тарашы мүмкүн. Бул күтүлгөн эле нерсе болгон. Мен туура түшүнүүгө чакырам”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-umradan-kelgenderdi-kysmakka-alyp-mazaktagandardy-toktotuuga-chakyrdy



Добавить комментарий