Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында өзүн-өзү таратуу демилгесин карайт

25 сентябрь 2025 11:40 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын жетекчилери катышты.

Алгач Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн келечеги үчүн өзүн-өзү таратуу демилгесин көтөрүп жатканын белгилеп, аталган маселе бүгүнкү жыйында добушка коюларын билдирди. 

Ага ылайык Координациялык кеңеште парламенттин өзүн-өзү таратуу маселесине байланышкан жагдайлар талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-bgnk-zhyjynda-zn-z-taratuu-demilgesin-karajt



Добавить комментарий