Дарыгерлерге март айынын айлыгы эмнеге кармалып берилген? Себеби айтылды

8 апрель 2020 17:17 1544 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дарыгерлерге апрель айынын айылыгы убагында, кечиктирилбестен берилерин айтты. 

Ал эми март айында дарыгерлердин айлыгын берүүдө бир аз кечеңдетүүлөр болгонун, бирок анын себептери бар экенине токтолду.

Анын айтымында, марттын төлөмдөрү чындыгында кармалып берилүүдө. Бул кызматкерлер жөнүндө туура эмес маалыматтар берилип жаткандыгына байланыштуу болгон.

“Айрым региондордо коронавирусунун жайылышына каршы күршүүгө тартылган дарыгерлердин саны бурмаланып берилген. Кызматкерлердин саны атайылап көп айтылганы аныкталды. Бүгүнкү күндө бул кырдаал жөнгө салынды, бардык төлөмдөр убагында жүзөгө ашырылат”, - деп ишендирди Кубатбек Боронов.

Буга чейин коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке келип түшкөн каражаттардан дарыгерлерге кошумча акы төлөнө турганы маалымдалган.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 270 кишиге жукканы тастыкталды. Анын ичинен 32си дарыгерлер. Азырынча оору жуккан дарыгерлерге кандай компенсация төлөнөрү так эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/darygerlerge-mart-ajynyn-ajlygy-emnege-karmalyp-berilgen-sebebi-ajtyldy



Добавить комментарий