Нурланбек Тургунбек уулу: Cентябрдан тарта мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлөт

28 август 2025 17:48 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 28-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районундагы иш сапарынын алкагында Ш.Жоробекова атындагы маданият үйүндө жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды.

4,5 млн сомдон ашуун каражатка реконструкцияланган маданий жайды көрүп чыккан төрага аталган тармакта жасалып жаткан иштерге учкай токтолду. 

“Маданияты болбой эл болбойт. Андыктан, мамлекет тарабынан маданий жайларды курууга, эскилиги жеткендерин жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Бирок, аталган тармакты тейлеген министрликтен баштап, элеттеги маданий жайларга чейин толук реформа жүргүзүлүшү керек. Калыптанган ишти улантып кете берсек, тармактын ишин өнүктүрө албайбыз”, – деди ал.

Ошондой эле маданият чөйрөсүндө эмгектенген инсандарга наам-сыйлыктарды берүүдө да көйгөйлөр бар экенин айткан төрага мамлекет өзү татыктуусун тандап, сыйлыктарды жараткан эмгегине жана жасаган ишине ылайыктап бериши керектигин кошумчалады. 

“Бизде жарытылуу эмгеги жок, бирок ушунча жылдан бери иштеп келе жатам деп сыйлыкты өзү сурагандар арбын. Муну министр болуп иштеген учурда көп көрдүм. Андыктан, аталган маселени да кайрадан карап чыгып, сыйлык берүү тартибин өзгөртүшүбүз керек”, – деди. 

Андан соң төрага Сары-Талаа айылынын Көлмө участогундагы бала бакчанын ачылыш аземине катышты. 

Алсак, 75 орундуу жаңы бала бакчанын курулушуна жалпы 36 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. 

Салтанаттын алкагында жергиликтүү эл менен жолугушкан Нурланбек Тургунбек уулу өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, жасалып жаткан иштер тууралуу кеңири кеп кылды.

“Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен өлкөбүз өнүгүү ыргагы боюнча алдыга чыгып, 12%дык өсүштү көрсөтүп жатабыз. Анын натыйжасында бир катар социалдык долбоорлор ишке ашырылып, республиканын бардык аймактарында ушундай билим берүү жайлары, саламаттыкты сактоо мекемелери салынууда. Бул албетте чек эмес. Билимдүү жана ден соолугу чың жарандарыбыз болбосо бакубат мамлекетти кура албайбыз. 

Андыктан, аталган тармактарды алдыга жылдыруу артыкчылыктуу багыт бойдон кала берет”, – деди төрага.

Жеке демилгеси жана президенттин колдоосу менен мурдагы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнгөнүн, анын бири мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин жетектей турганын эске салган Нурланбек Тургунбек уулу сентябрдан тарта мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлөрүн баса белгиледи. 

Эми бала бакчалардагы тарбиячылардын да айлыгын жогорулатуу керектигин тиешелүү жетекчилерге табыштады. 

Мындан тышкары, төрага маданият үйү менен бала бакчага жардам катары 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/nurlanbek-turgunbek-uulu-centyabrdan-tarta-mugalimderdin-ajlyk-mayanasy-ktrlt



Добавить комментарий