Бир суткада 13 дарыгерге коронавирус жукканы тастыкталып, илдетке чалдыккандар 32 дарыгерге жетти
Кыргызстанда 8-апрелге карата өлкө боюнча коронавирус жуккан 42 жаңы учур аныкталды. Бул туруалуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирди. Өлкө боюнча оору жуккандар 270ке жетти.
Катталган 42 учурдун ичинен 13 учуру дарыгерлердин арасында тастыкталган.
Министрдин айтымында, Бишкек шаарында 1 дарыгер, Ош облусунда 12 дарыгерден коронавирустун козгогучу аныкталган.
Оору аныкталган дарыгердин бири Бишкекте Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери болгон. Ош шаарындагы жугуштуу оорулар оорукасында иштеген 8 медициналык кызматкерден (төртөө дарыгер, төртөө медайым) дагы оорунун козгогучу аныкталды. Ошондой эле, “Азия кардиодо” иштеген бир дарыгер менен бир медайымдан дагы оору чыккан. Андан сырткары облустук бириккен ооруканада иштеген кенже медкызматкерден дагы вирус табылган.
Аймактарга бөлүп караганда абал төмөнкүдөй:
• Бишкекте – 4,
• Ош облусунда – 20,
• Жалал-Абад облусунда – 7,
• Баткен облусунда – 1.
Буга чейин Кыргызстан боюнча 19 дарыгерге коронавирус жукканы ырасталган. Бүгүн дагы жаңы 13 учур аныкталып, өлкө боюнча 32 дарыгерге коронавирус жукканы тастыкталды.
Добавить комментарий ×