Дарыгерлер эми коронавирусту жаңы ыкма менен дарылашат
Коронавирус инфекциясында протоколдун 4-варианты боюнча стационардык жана амбулатордук дарылоо бөлүндү. Бул тууралуу медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысы Нургул Ибраеванын брифингде берген маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Учурда саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты менен иштеп жатат. Бул колдонмо 3-варианттагы жетишпестиктерди эске алуу менен иштелип чыкты. Айта кетсек, биринчиден пневмониянын коду бекилди – U07.2. Андан сырткары, стационардык жана амбулатордук дарылоо бөлүндү”, - деп билдирди Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысынын м.а. Нургул Ибраева.
Ошондой эле, төмөнкү алгоритмдер иштелип чыкты:
1. Коронавирус жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды дарылоо боюнча;
2. Балдарды дарылоо боюнча
3. Кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн алгоритм;
4. Амбулатордук дарылоо боюнча;
5. Кайра калыбына келтирүү (реабилитация) программасы.
Анын айтымына, декстаметазон сыяктуу дарыларды консилиумдун чечими менен колдонулсун деген чечим чыгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-koronavirustu-daryloodo-protokoldun-4-varianty-menen-ishteshd
Добавить комментарий ×