Дарыгерлер эми коронавирусту жаңы ыкма менен дарылашат

10 сентября 2020 14:22 1311 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус инфекциясында протоколдун 4-варианты боюнча стационардык жана амбулатордук дарылоо  бөлүндү. Бул тууралуу медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысы Нургул Ибраеванын брифингде берген маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Учурда саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты менен иштеп жатат. Бул колдонмо 3-варианттагы жетишпестиктерди эске алуу менен иштелип чыкты. Айта кетсек, биринчиден пневмониянын коду бекилди – U07.2. Андан сырткары, стационардык жана амбулатордук дарылоо  бөлүндү”, - деп билдирди  Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысынын м.а. Нургул Ибраева.

Ошондой эле, төмөнкү алгоритмдер иштелип чыкты:

1. Коронавирус жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды дарылоо боюнча;

2. Балдарды дарылоо боюнча

3. Кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн алгоритм;

4. Амбулатордук дарылоо боюнча;

5. Кайра калыбына келтирүү (реабилитация)  программасы.

Анын айтымына, декстаметазон сыяктуу дарыларды консилиумдун чечими менен колдонулсун деген чечим чыгарылды.


Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-koronavirustu-daryloodo-protokoldun-4-varianty-menen-ishteshd



Добавить комментарий