Данияр Абдыкаров өзү берген рапортунун негизинде министрдин орун басарынын кызматынан бошотулду

18 июнь 2018 23:30 1928 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Данияр Абдыкаров өзү берген рапортунун негизинде министрдин орун басарынын кызматынан бошотулду.  Анын ордуна милициянын полковниги Мирлан Каниметов дайындалды. Бул тууралуу  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Каниметов 1970-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда Кара-Мойнок айылында туулган. ИИМ академиясынын юриспруденция адистигин аяктаган.

Генерал Данияр Абдыкаров ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басары болгон. Анын дарегине карата парламентте жана маалымат каражаттарында бир катар сын-пикирлер айтылып келген.  Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыккан соң министрдин уруксатын албай туруп Туркияга эс алууга кеткен. 

Ссылка: https://barometr.kg/daniyar-abdykarov-z-bergen-raportunun-negizinde-ministrdin-orun-basarynyn-kyzmatynan-boshotuldu



Добавить комментарий