Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду

29 ноябрь 2022 10:56 1050 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу презиленттик администрациянын маалымат кызматына шилтеме берип “Баррметр” билдирет.

Белгилүү болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбекович ээлеген кызматынан бошотулду”, -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Алмаз Мамбетов 2021-жылдын 26-августунан бери Ош шаарынын мэри болуп кызмат өтөдү.

Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-mambetov-osh-shaarynyn-meri-kyzmatynan-boshotuldu



Добавить комментарий