Данияр Абдыкаров өзү берген рапортунун негизинде министрдин орун басарынын кызматынан бошотулду
Поделиться в:
Данияр Абдыкаров өзү берген рапортунун негизинде министрдин орун басарынын кызматынан бошотулду. Анын ордуна милициянын полковниги Мирлан Каниметов дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каниметов 1970-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда Кара-Мойнок айылында туулган. ИИМ академиясынын юриспруденция адистигин аяктаган.
Генерал Данияр Абдыкаров ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басары болгон. Анын дарегине карата парламентте жана маалымат каражаттарында бир катар сын-пикирлер айтылып келген. Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыккан соң министрдин уруксатын албай туруп Туркияга эс алууга кеткен.
Добавить комментарий ×