Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

14 апрель 2023 10:38 1028 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун бир нече кызматкерлери ээлеген  кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта, алар өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулганы айтылат. 

“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.

Мамлекет башчысынын чечими менен:

Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;

Ногоев Турусбек Молдобекович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.

Министрлер Кабинетинин чечими менен:

- Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду”, - деп айтылат маалыматта. 





Ссылка: https://barometr.kg/ziyadin-zhamaldinov-prezidenttin-osh-oblusunun-yjgarym-ukuktuu-kl-kyzmatynan-boshotuldu



Добавить комментарий