Жаңжал чыгарып, качууга аракет кылган. Милиция кызматкери кызматтан бошотулду
Кызматтык иликтөө жыйынтыгы менен милиция кызматкери терс негиздер боюнча укук коргоо органдарынан кызматтан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин, интернет тармагында К. у. А. аттуу милиция кызматкеринин мас абалында жүргөн видеосу тараган. Аны милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери токтоткон учурда, ал жаңжал чыгарып, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, качууга аракет кылган.
Бул факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык тартипти одоно бузган, ошондой эле ички иштер органдарынын аброюна шек кетирген аракеттери аныкталган.
Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган кызматкер терс негиздер менен укук коргоо органдарынан кызматтан бошотулган.
ИИМ мындай фактыларга карата туруктуу мыйзамдуулукту ырааттуу карманат. Мыйзамды же кызматтык тартипти бузган ар бир учур кызматкердин наамына жана кызмат ордуна карабастан, катаал жана адилеттүү каралат.
ИИМ ички иштер органдарынын аброюна шек кетирген жана мамлекеттин аракеттерин бузуп, дискредитациялоого багытталган фактыларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды улантууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zhazhal-chygaryp-kachuuga-araket-kylgan-miliciya-kyzmatkeri-kyzmattan-boshotuldu
Добавить комментарий ×