Дайынсыз болуп изделип жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылды

20 июль 2022 11:09 1810 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Көлдөн дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Буга чейин, Кара-Көл шаарынын тургуну 2008-жылы туулган Осмонахунова Шахло 2022-жылдын 15-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу жазганбыз.

"14 жаштагы кыздын дайынсыз болуп жаткандыгы ЖМКларга жарыялангандан кийин Шахло өзү тууралуу маалыматтарды окуп, эжесине смс жазып, баары жакшы экендигин билдирген.

Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери кыздын Бишкек шаарынан байланышка чыккан жерин аныктап, аны таап, ата-энесине өткөрүп беришти.

Шахлонун ата-энеси кызынын табылганына кубанып турушкандыгын айтышып, милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти", -леп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/dajynsyz-bolup-izdelip-zhatkan-14-zhashtagy-sprm-tabyldy



Добавить комментарий