Кара-Көл шаарынын 14 жаштагы тургуну дайынсыз болуп изделүүдө

18 июля 2022 16:25 3200 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара-Көл шаарынын 14 жаштагы тургуну үч күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Кара-Көл шаарынын тургуну Осмонахунова Шахло 15-июль күндөн бери дайынсыз.

 2008-жылы туулган Осмонахунова Шахло 15-июль күнү саат 21:00 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Учурда Осмонахунова Шахлонун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 165-170 см, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө, чачы узун кара түстө.

Кийген кийимдери: үстүндө сары түстөгү ак сызыктары бар жайкы футболка, сары түстөгү шорта, бутунда сары үстөгү жайкы бут кийим.  

Дайынсыз болуп жаткан Осмонахунова Шахло тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: (03746) 102, 0703-11-44-37,  0553-78-38-78.


Ссылка: https://barometr.kg/kara-kl-shaarynyn-14-zhashtagy-turgunu-dajynsyz-bolup-izdeld



Добавить комментарий