Дагестандагы абактан качып кеткендерге жардам берген киши кармалды

30 сентябрь 2020 10:10 564 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дагестангы түрмөдөн качып кеткен алты кишиге жардам берген Махачкаланын жашоочусун кармалды. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"28 жаштагы Махачкаланын тургуну кармалган. Ал Дагестандын Шамахал айылындагы No2 түзөтүү колониясынын дубалынын астына туннель казуу үчүн керектүү шаймандарды сатып алып, кылмышкерлерге жеткизип берген", - деп билдирди күч органдары.

Ага ылайык, кармалган Махачкаланын тургуну Заур Аминовго Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгү (эркиндигинен ажыратуу жайынан качып кетүүгө жардам берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Тактап айтканда, шектүү Махачкаланын базарларынан 2020-жылдын март айынан бери шаймандарды сатып алып, кандайдыр бир жол аркылуу абакка берип турган. Ушунун аркасында алар узундугу 30 метрден ашык жарык чырактар менен жабдылган жана бийиктиги бир метрге жакын тоннель казып алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 23-сентябрга караган түнү Махачкаланын Шамхал айылындагы No2 түзөтүү колониясынан алты соттолуучу качып кеткен. Алар дубалдын астынан казган туннель аркылуу качып кеткенге үлгүрүшкөн. Качкан кылмышкерлердин арасында Тажикстандын эки жараны да бар.

Качкын кылмышкерлердин бири адам өлтүргөнү үчүн 15 жылга, экөө баңги заты үчүн 12 жылга, дагы үчөө колонияда 8 жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Кылмышкерлер дагы да болсо кармала элек. Аларды издөө күчөтүлгөн режимде жүрүп жатат жана кылмышкерлерге эл аралык издөө жарыяланган.

Ссылка: https://barometr.kg/dagestandagy-abaktan-kachyp-ketkenderge-zhardam-bergen-kishi-karmaldy



Добавить комментарий