Спорт ордосунун алдынан өздөрүн спортчу деп атап, Мелис Аспековдун боштондугун талап кылгандар кимдер?

11 март 2024 14:05 1214 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги спорт ордосунун алдына өздөрүн спортчу деп атап, абактагы Мелис Аспековдун боштондугун талап кылып митинге чыккандар тууралуу спорт департаменти үн катты. Бул тууралуу аталган департаменттин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 10-март күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун жанында, өзүлөрүн спортчу деп атаган бир нече адам камакта жаткан Мелис Аспековго боштондук талап кылган видеокайрылуу жасашкан. 

“Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти төмөнкүлөрдү билдирет:

1. Чогулган адамдар спортко эч кандай тиешеси жок;

2. Видеодо айтылган “Шумкар Pride” аттуу федерация департаменттин реестринде жок;

3. Буга чейин Мелис Аспеков спортчуларга эч кандай демөөрчүлүк кылган эмес;

4. Азыркы күндө ата мекендик спортчулар эч кандай башаламандыкка, ар кандай митингдерге катышкан дагы эмес, тиешеси дагы жок”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/sport-ordosunun-aldynan-zdrn-sportchu-dep-atap-melis-aspekovdun-boshtondugun-talap-kylgandar-kimder



Добавить комментарий