Дагестанда алты кылмышкер тоннель жасап, ал аркылуу качып кетишкен (видео)

24 сентября 2020 10:16 883 Barometr
Поделиться в:
ok

Дагестандагы No2 түзөтүү колониясынан алты соттолуучу тоннель жасап, ал аркылуу качып кетишкен. Бул тууралуу Федералдык жаза аткаруу кызматынын аймактык башкармалыгы жергиликтүү басылмаларга берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери 22-сентябрь күнү эрең менен калонияны текшерүү учурунда кылмышкерлердин качып кеткенинен кабардар болушкан. Алар  жерди казып тоннель жасап, ошол жол аркылуу качып кеткенге үлгүрүшкөн. Издөө иштери жүрүп, убактылуу посттор орнотулуп, атайын багыттагы жоокерлер жөнөтүлгөнү маалым болду.

"Дароо куугунтукка алуу үчүн, запастагы жана куугунтуктоочу топтор жөнөтүлдү", -деп кошумчалады министрлик.

Кайдыгерлик боюнча No2 түзөтүү колониясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Окуя болгон жерге Федералдык жаза аткаруу кызматынын башчысы Андрей Поляков барган.

"360" телеканалы өз булактарына таянып билдиргендей, качып кеткен туткундар сегиз жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылган. Алардын экөө адам өлтүргөнү үчүн түрмөдө отурушкан.


Ссылка: https://barometr.kg/dagestanda-alty-kylmyshker-tonnel-zhasap-al-arkyluu-kachyp-ketishken



Добавить комментарий