Чыныбай Турсунбековдун кызы: Пандемияда гуманитардык жардамдар уурдалып кеткен

18 январь 2021 09:47 1597 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Маркум депутат Чыныбай Турсунбековдун кызы Айсулуу Турсунбекова пандемия күч алып турган 2020-жылдын жай айындагы кайгылуу окуяларга кайдыгер караган жетекчилер жоопко тартылышын талап кылып, өкмөткө кайрылат. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Өлкөнүн пандемияга даярдыгынын сапатын иликтөө боюнча комиссиядагы ишим аяктап баратат. Бүгүн, 18-январда комиссия иликтөөнүн жыйынтыгын премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковго тааныштырат. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө маалым болгон жагдайлар эске алынат жана өлкөбүздүн жай мезгилинде башынан өткөргөн окуялар кайталанбашы үчүн натыйжалуу чаралар көрүлөт деп абдан ишенем. Бир нерсени так айта алам: биздин саламаттыкты сактоо тутумубуз толугу менен жаңыланууга муктаж!

Система гана чириген эмес, бир топ жылдан бери жетекчилик кызматтарда иштеп, эч нерсе кылбай, жөн гана бир кызматтан экинчисине өткөн адамдар өздүрү ошол тармакты чиритип жатышат. Гум. жардам уурдалган, акчалар ысырап болгон, кээ бир жетекчилер бизнес жүргүзүшсө, кээ бирлери белгилүү бир компаниялардын же адамдардын кызыкчылыктарын көздөшкөн. Эгерде мен буга чейин биздин медицинанын абалынын негизги себеби каржылоонун начардыгы деп ойлосом, эми бул кээ бир жетекчилердин алысты көрө билбегендиги, башкалардын кесипкөйлүгүнүн жетишсиздиги биздин медицинага зыянын тийгизип жатканын түшүндүм. Албетте, бул нерселердин баары биздин медицинабызго оор залакасын тийгизип, канчалаган өмүрлөрдүн кыйылышына алып келип жатат”, - деп жазды Турсунбекова.

Эскерте кетсек, Чыныбай Турсунбеков 2020-жылы 6-июлда, Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө эки тараптуу пневмониядан жакшы боло албай каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/chynybaj-tursunbekovdun-kyzy-pandemiya-uchurunda-gumanitardyk-zhardamdar-uurdalyp-akchalar-tuura-emes-zhaktarga-zhumshalgan



Добавить комментарий