Депутат Чыныбай Турсунбеков каза болду

7 июля 2020 09:55 1128 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештерине шилтеме берип «Барометр» билдирет.

“Чыныбай Акунович. Бейиштен орун берсин. Жакындарына көңүл айтам. Дагы бир мыкты инсан арабыздан кетти», — деп жазды депутат Кожобек Рысбаев.

«Арты кайрылуу болсун. Жакындарына көңүл айтам», - деп билдирүү калтырган Эльвира Сурабалдиева.

«Турсунбеков Бишкектеги Улуттук госпиталдын тез жардам терапия бөлүмүндө көз жумган», - деп жазган Өмүрбек Текебаев.

Кечээ, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу Чыныбай Турсунбековдун абалы оор деген маалымат чындыкка дал келбейт деген маалымат тараткан.

«Азыр эле жубайы менен сүйлөштүм. Кан басымы, температурасы, сатурациясы - баары жакшы. Үй-бүлөсү менен сүйлөшүп атат. Доктурлардын айтымында, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана стабилдүү», - деп жазган ал.


Чыныбай Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарында төрөлгөн. «Акун» фирмасынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин экс-спикери болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-chynybaj-tursunbekov-kaza-boldu



Добавить комментарий