Чыгаан кинорежиссёр Геннадий Базаров каза болду
Кыргыздын чыгаан кинорежиссёру Геннадий Базаров каза болду. Бул тууралуу “Барометрге” режиссёрдун жакындары кабарлады.
Маалым болгондой, Геннадий Базаров узака созулган оорудан улам 6-февралга караган түнү 81 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты.
Геннадий Базаров 1942-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы айылында туулган.
1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссердун ассистенти болгон. Окуп жүргөндө кыска метраждуу "Намаз окуу" жана "Тыныгуу" аттуу киноновелла тарткан. 1967-жылы "Саманчы жолу" фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт.
Кинорежиссёр, сценарист 1991-жылы Кыргыз эл артисти, 1974-жылы искусствого эмгек сиңирген ишмер наамдарын алган.
“Барометрдин” жалпы жамааты чыгаан режиссёр Геннадий Базаровдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Ссылка: https://barometr.kg/chygaan-kinorezhissyor-gennadij-bazarov-kaza-boldu
Добавить комментарий ×