Чогуу жашаган аялды сабап өлтүргөн эркек кармалды
Бишкекте өлүмгө алып келген ур-токмоккө шектүү делген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Окуя 26-августта болгон. Ал күнү милицияга 1981-жылы туулган О.С аттуу аял баш сөөгүнөн жаракат алып, кабыргасы сынган абалда ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Милициялар ооруканага барып 4-кичи райондогу квартиралардын биринде аял менен чогуу жашаган эркек аны сабап салганын аныкташкан. Алынган жаракаттан улам аял эсине келбей каза тапкан.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын 3-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам иликтөөчүлөрү 1971-жылы туулган К.Б.ны кармап, убактылуу жайга камашты.
Тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/choguu-zhashagan-ayaldy-sabap-ltrgn-erkek-karmaldy
Добавить комментарий ×