Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 4 жашар кыздын жансыз денеси табылды
Бөлүшүү:
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 4 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Маалыматка ылайык, кыздын денеси бүгүн эртең менен саат 7:00лер чамасында суудан туугандары тарабынан табылган. Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 27-январь күнү Бишкектеги Ауэзов көчөсү жактан 2015-жылы туулган А.А. аттуу кыз сууга түшүп кеткендиги тууралуу “112” кызматына маалымат келип түшкөн. Андан бери кызды издөө иштери улантылып жаткан.
Ссылка: https://barometr.kg/cho-chj-kanalyna-tshp-ketken-4-zhashar-kyzdyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×