Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 4 жашар кыздын жансыз денеси табылды

28 января 2019 11:22 1153 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 4 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады. 

Маалыматка ылайык, кыздын денеси бүгүн эртең менен саат 7:00лер чамасында суудан туугандары тарабынан табылган. Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 27-январь күнү Бишкектеги Ауэзов көчөсү жактан 2015-жылы туулган А.А. аттуу кыз сууга түшүп кеткендиги тууралуу  “112” кызматына маалымат келип түшкөн. Андан бери кызды издөө иштери улантылып жаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/cho-chj-kanalyna-tshp-ketken-4-zhashar-kyzdyn-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий