Чоң Чүй каналына түшүп кеткен алты жашар баланын сөөгү табылды

9 май 2023 11:48 1722 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн, 9-майда таң эрте Чоң Чүй каналына түшүп кетип изделип жаткан баланын сөөгү табылды. 

“Издөө иштерин улантууга Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунан  жалпысынан 16 куткаруучу, ИИМдин 2 кызматкери, туугандарынан 25 адам тартылган.

Изделип жаткан баланын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 9:30да табылып, туугандарына өткөрүп беришти”, -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 8-май күнү Военно-Антоновка айылында Чоң Чүй каналына 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар жана туугандары тарабынан изделип жаткан.


Ссылка: https://barometr.kg/cho-chj-kanalyna-tshp-ketken-alty-zhashar-balanyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий