Чоң Чүй каналынан 20 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

10 июль 2023 14:22 416 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чоң Чүй каналынан буга чейин дайынсыз болуп изделип жаткан 20 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй каналында сууга тушүп кеткен 20 жаштагы уландын сөөгү табылды.

Эскерте кетсек  5-июль күнү К. М. аттуу жаран суууга түшүп кеткендиги  тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар тарабынан издөөгө алынган.

“Бүгүн издөө иштерине жалпы  49 куткаруучу тартылып, саат 11:40 чамасында Алга жана Кошой айылынын ортосундагы көпүрөөнүн астынан сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/cho-chj-kanalynan-20-zhashtagy-zhigittin-sg-tabyldy



Добавить комментарий