Чүйдөгү көлмөгө унаасы менен түшүп кетип, изделип жаткан эки адамдын жансыз денеси табылды (сүрөт)
Чүй облусунда каналга түшүп кеткен унаа табылды. Унаадагы эки адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Эскере кетсек, 8-сентябрда Аламүдүн районунда саат 21:10 чамасында Дачное айылындагы ГЭС-5 көлмөсүнө “Nissan Cefiro” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен, унаада 2 адам (1989-ж.т. – эркек адам жана 1984-ж.т. – аял киши) болгондугу тууралуу маалымдаганбыз .
Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, саат 10:35те унааны суудан чыгарышып, каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/chjdg-klmg-tshp-ketken-unaadagy-kaza-bolgon-zharandar-tabyldy-srt
Добавить комментарий ×