Чүйдө каналга түшүп кеткен автоунаанын ичиндеги эки адам изделүүдө

9 сентября 2020 10:28 541 Barometr
Поделиться в:
ok

Аламүдүн районунда каналга автоунаа түшүп кеткен. Унаанын ичиндеги эки адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 8-сентябрда Аламүдүн районунда саат 21:10 чамасында Дачное айылындагы каналга “Nissan Cefiro” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен, унаада 2 адам болгон (1 аял, 1 эркек аты-жөндөрү такталууда). 

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине  КР ӨКМнин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды. Издөө иш-чаралары бүгүн улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-kanalga-avtounaa-tshp-ketken-unaada-eki-adam-bolgon



Добавить комментарий