Чүйдөгү көлмөгө унаасы менен түшүп кетип, изделип жаткан эки адамдын жансыз денеси табылды (сүрөт)

9 сентября 2020 12:43 585 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусунда каналга түшүп кеткен унаа табылды. Унаадагы эки адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Эскере кетсек, 8-сентябрда Аламүдүн районунда саат 21:10 чамасында Дачное айылындагы ГЭС-5 көлмөсүнө “Nissan Cefiro” үлгүсүндөгү  унаа түшүп кеткен, унаада 2 адам (1989-ж.т. – эркек адам жана 1984-ж.т. – аял киши) болгондугу тууралуу маалымдаганбыз . 

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, саат 10:35те унааны суудан чыгарышып, каза болгон  жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Ссылка: https://barometr.kg/chjdg-klmg-tshp-ketken-unaadagy-kaza-bolgon-zharandar-tabyldy-srt



Добавить комментарий